super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусиялык эксперт Кыргыздын ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрүн башкалар пайдаланып жатканын айтты

 

Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.

Орусиядан келген эксперт Семен Уралов ЕАЭБдеги Кыргыз мамлекетинин мүмкүнчүлүктөрүн Германия, Беларусь өңдүү өлкөлөр пайдаланып жатканын айтат. "Бул өлкөлөр ЕАЭБде мүчө эмес, бирок алардан алынып келген товарлардын суммасы Кыргыздагыга салыштырмалуу эселеп жогору. Бул силердин акчаңар. Кыргыз мамлекети Орусиянын аймактарына соода үйлөрүн ачуу керек, керек болсо Орусия рыногу үчүн атайын бренддерди жасоо керек. Мисалы, шире чыгарса "күнөстүү жердин мөмөсүнөн даярдалган" деген өңдүү маанайда. Эгерде Кыргыз мамлекети өзүндө товар өндүрүп чыгарбаса, башкаларга чийки зат даярдап берип жүрө берет", - деди Уралов.

Конференция уланууда.

Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.09.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин чондор андай маселелерди чечкенге колу бошобой жатса эмне кылсын...?
26.09.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтыптыр
26.09.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен питерде эко маркетте иштеймин.кыргызстандын товарларына жол ачылган кана эми биздин товарлар келсе.мисалы алма өрүк как,бал (асел),суусундуктар алып келишсе.айтмакчы россияда быйыл бал асел жакшы болбогонун айтышат
26.09.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектин оао"империал"фирмасы ар түрдүү өсүмдүк майларын алып келет.жаңгак майына спрос өтө көп.армениянын ишкерлери товарларын киргизе башташты.
26.09.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде чондордун андай иштерге башы жетпейт,бизде шайлоо анан майлоо тойлоо тоноо урдоо коркуту,чындыкты айтса камоо,мулкун тартып алуу,сотко берип милиондорго жыкмай,ушундай иштерди жанын сайып аткарышат
kyrgyz.kg83 түзөттү 2017-09-26 12:48:05
26.09.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ондуруш ачып продукты экспорттосок сонун эле бутка турмакпыз..бирок бизде бизнесмен депутаттар корот олко корбойт пайдасын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: