super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ысык-Көлдө 14 жашка чейинки балдардын өлүмү көбөйдү

 

Бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көлдө медицина тармагындагы аткарылган иштер боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мырзалиев 14 жашка чейинки балдардын өлүмү боюнча Ысык-Көл облусу алдынкы орунда жүргөндүгүн айтты. Алардын басымдуусу Жети-Өгүз районунда катталып жатканы белгиленди.

"Биздин райондо балдардын өлүмү түрдүү кырсыктардын кесепетинен болууда. Жакында эле балдардын жол кырсыгынан, ошондой эле сууга чөгүп каза болгон окуялары катталды. Жалпы 9 бала кырсыктан каза болуп, пайыздык көрсөткүч өсүп кетти. Негизинен 3 бала жол кырсыгынан каза болсо, 3 бала сууга чөккөн, ал эми 3 бала сүткө чакап көз жумган", - деп билдирди Жети-Өгүз райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун директору Садыр Чыныбаев.

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары тиешелүү жетекчилерге бейтапканалардын, ФАПтардын кышка даярдыгын колго алууну тапшырды.

"Облус аймагында ФАПтардын кышка даярдыгын жөнгө салыш керек. Мен кечээ Чүйдөгү ФАПтарга кирсем электр аба жылыткычтар менен бөлмөнү жылытып отурушуптур. Кышка даяр эмес экен. Ошондуктан сиздер да тез арада даярдык көрүп көмүр менен камсыздоону уюштурушуңуздар керек", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мырзалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БалдардыН...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: