Чемпиондор Лигасы, 2-тур: Бүгүн "Реал Мадрид" - "Боруссия Дортмунд", "Спартак" - "Ливерпуль" беттештери орун алат
Бүгүн, 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 2-турдун оюндары ойнолот. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешет.
Күндүн башкы беттеши катары "Реал Мадрид" - "Боруссия Дортмунд" жана “Спартак” - “Ливерпуль” клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот. Бардык беттештерге Бишкек убактысы боюнча саат 00:45те старт берилет.
"Е" тайпасы
"Спартак" (Москва) - "Ливерпуль" (Англия)
"Севилья" (Испания) - "Марибор" (Словения)
"F" тайпасы
"Манчестер Сити" (Англия) - "Шахтёр Донецк" (Украина)
"Наполи" (Италия) - "Фейеноорд" (Нидерланды)
"G" тайпасы
"Монако" (Франция) - "Порту" (Португалия)
"Бешикташ" (Түркия) - "РБ Лейпциг" (Германия)
"H" тайпасы
"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "Реал Мадрид" (Испания)
"АПОЭЛ" (Кипр) - "Тоттенхэм" (Англия)

Футболдо кокустуктар болуп турат ))) мына кечоо биз утулган Бетисди Уефалоналар 2-0 го женген ))) бул мисал келтируу а так Мадридибизге Ийгилик!Жениш биз тарапта буюрса
Dembele84, кимдир бирөөнү кемсинтип, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү калтырганы үчүн 1 күнгө БАН!