super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кайрат Осмоналиев шайлоо алдында БШК менен ички иштер министринин ортосунда кызматташуу болбой жатканын айтты

 

Бүгүн, 26-сентябрда "Таза шайлоо үчүн" жарандык кыймылы БШК мүчөсү менен маалымат каражаттарынын катышуусунда президенттик шайлоону өткөрүүдөгү коопсуздук маселесин талкуулап жатат. Талкуу учурунда БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев БШК менен ички иштер министринин ортосунда кызматташуу болбой жатканын айтты.

"Прогрессивдүү күчтөр кыймылдар менен БШК кызматташууга даяр. Учурда заманбап технологияларды пайдалануу менен бурмалоолорго жол берилбейт. БШК ар кандай жолугушууларды уюштурганбыз. Мен бул боюнча жумушчу топтун төрагасымын. Бирок учурда ички иштер министри менен кызматташуу дээрлик болбой жатат. Министрге чалып жатам, телеграмма калтырдым жооп жок, бир да орун басар отурумдарга катышпай жатат. Эптеп бир тергөөчүнүн талапкерлигин бериптир. 2375 участок бар. Ар биринде коркунуч болушу мүмкүн. ИИМдин ролу абдан жогору болушу керек. Бирок министр бизге кош көңүл мамиле кылып жатат", - деди Осмоналиев.

"Шайлоого 18 күн калды. Түрдүү маалыматтарды алып жатабыз. ИИМ эмне кылып жатат билбейбиз. Мен министрге байланыша албай жүрөм. Учурда ММКлар аркылуу министрге кайрылууга аргасызмын. БШК биз баары менен кызматташып, шайлоону тынч, ачык өткөрүүгө кызыкдарбыз. Баары бир иштешибиз керек. Ошондуктан бүгүнкү маселе боюнча бир да маалымат бере албайм", - деди Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: