super.kg logo

Олег Панкратов: "Кыргыз-Казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү алуу маселеси саясатташып кетти"

 

Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.

"Кыргыз-Казакстан чек арасынан ветеринардык көзөмөл алынбай жатат. Бул маселе абдан саясатташып кетти. Бул маселе техникалык гана эмес, баары бир саясий маселеге айланып кетти окшойт", - деп билдирди экономист, Кыргыздын мурдагы вице-премьер-министри Олег Панкратов (сүрөттө).

Экономист Жумакадыр Акенеев: "Президент Алмазбек Атамбаевдин ЕАЭБ үчүн жасаган иштерин айткым келет. Датка-Кемин электр линиясы бүтүп, энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук. Түндүк-Түштүк альтернативдүү трассасы курулууда. Ушул жана башка иштер биздин президенттин жеке салымы менен жасалган иштер", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
27.09.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумакадыр Акенеев буйруса СДПКадагы президентке талапкер отпой калсын калса.Мен антип айтпагам ал монтаж дебесен эле болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: