super.kg logo

Төрөбаев Папан айылынын 500 жашоочусуна жер алууга жардам берди

 

Бүгүн, 26-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан айылында алдын ала пландаштырылган боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаевдин жергиликтүү эли менен жолугушуусу болмок. Бирок Бакыт Төрөбаевге Папан айылынын жашоочулары менен боло турган жолугушуусун башка күнгө жылдырууга туура келди. Себеби жергиликтүү башкаруу органдары көптөн бери аткарылбай келе жаткан Папан айылынын 500 жашоочусуна бериле турган жер тилкелерин таратуу иш-чарасын баштаптыр.

Жергиликтүү элдин айтымында, жер маселеси көп жылдан бери чечилбей келген. Бүгүн кокустан эле айыл өкмөт башчысы Бакыт Төрөбаевдин жолугушуусуна барбоо шарты менен 500 жаранга жер тилкелерин бөлүп берүү токтомуна кол коюуну баштады.

Ага карабастан, папандыктар Бакыт Төрөбаевге өз ыраазычылыктарын билдирип жатышат, себеби көп жылдардан бери ала албай жүргөн жер тилкелерине ээ болушту жана үй курууга мүмкүнчүлук алышты.

Эгерде бул жөрөлгө кайталана берсе, анда Бакыт Төрөбаевге аймактарда көбүрөөк жолугушууларды өткөрүү керек, себеби кайсы жерге жолугушуу пландаштырылса, ошол айыл өкмөттүн башчысы тез аранын ичинде жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүүгө киришип жатат.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 26.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү.
Келишим №126/17-СR, 26-сентябрда түзүлдү.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: