super.kg logo

Текебаев "Мегакомдун" жетекчиси Азат Базаркуловдун соттогу көрсөтмөсүндө айткан маалыматтарын четке какты

 

Бүгүн, 26-сентябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык сотунда иш материалдарды териштирүү уланды. Иш материалдардын 7-тому каралып, анда "Мегакомдун" башкы директору Азат Базаркуловдун көрсөтмөсү камтылган. Ал тергөөдө берген көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 1- жана 10-сентябрь аралыгында "Мегакомдун" айланасындагы маселелер боюнча Бишкектеги "Обама" деген кафеде мурдагы Башкы прокурор Кубатбек Байболов, Алмамбет Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаев болуп сүйлөшүшкөнү окулду.

Текебаев Базаркуловдун айткан маалыматтары далилсиз экенин белгиледи. "Базаркулов 1-10-сентябрь аралыгында сүйлөшкөнбүз, так эсимде жок деп жатат. Ошондой эле ал "Байболов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болчу, мен "Мегакомдун" тышкы башкаруучусу болчумун" деп жатат. Байболов бул кызматка 13-сентябрда келген. Байболов кызматка келгенден кийин жолугушуу болгон деп айтчу болсо, мен 10-сентябрда шайлоочулар менен жолугушуу үчүн аймактарга чыгып кетип Бишкекке 30-сентябрда келгем. Бул жерде Азат Базаркуловдун дагы бир калпы чыгып жатат. Себеби ал "Мегакомдун" тышкы башкаруучу кызматынан август айынын башында эле кеткен", - деди Текебаев.

Жумуш убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу иш материалдарды териштирүү 28-сентябрга жылдырылды. Сот кийинки отурумда материалдарды териштирүүнү аягына чыгарып, айыпталуучулар сурала турганын айтты.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.09.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Далили жок эле куч менен кармап олтурушат.
Бийликте бет деген жок экен,канчалаган адамдардын берген корсотмолорун аттап отуп камап жатышат.Бул бийлик жакшылык корбойт бул кетишинде .
26.09.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Далили барбы жокпу бир кудай билет байлыктан миллиондон башы адашкан Текебаев эмнени далилдейт..мас жаш кыздар жургон жерлери кооп кеткен кыргыз байыса катын алат кыркында кыз жандап элуусундо элирет болуп...бири олуп бири калсын 120 депутат камалса да каршы эмесмин..
27.09.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев камалса соз эркиндиги кошо камалат деген чын турбайбы, бийликке ооз ачкан адам жокко!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: