super.kg logo
  Саясат  

БШК Бабановго үгүт баракчаларында Бороновдун сүрөтү жарыяланганы үчүн эскертүү берүү чечимин колдогон жок

 

Бүгүн, 26-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму өттү. “Чыгыш-батыш” аналитикалык борборунун директору Дмитрий Орлов президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт баракчаларында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун сүрөтү чагылдырылганын айтып, БШКга арыз менен кайрылган. Арызда үгүт баракчаларында мамлекеттик кызматкерлердин сүрөтү чагылдырылганы мыйзамсыз экени жазылган. Буга ылайык, Орлов Бабановго кат түрүндө эскертүү берүүнү сунуштаган.

Бул боюнча жумушчу топ карап чыгышкан. Алар мамлекеттик кызматкердин сүрөтү үгүт баракчаларына жарыяланышы мыйзамсыз экенин белгилешип, Орловдун сунушун канааттандырышты.

Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбековдун айтымында, бул баракчалар курултайда таратуу үчүн чыгарылган.

БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев билдиргендей, 210 миң нуска баракча чыгарылган. Ал курултайга 1 миң адам эле келгенин айтты. Анын айтымында, жумушчу топтун жыйынында Ирискулбеков мамлекеттик кызматкердин сүрөтү бар баракчаларды таратуу иши токтотула турганын билдирген. Асаналиев баракчаларды кечээ эле таратып жүргөнүн көргөнүн кошумчалады.

БШКнын мүчөсү Назарали Арипов Алмаз Асаналиевден аналитикалык борбор эмне болгон уюм экенин изилдеп көргөнүн же көрбөгөнүн сурады.

Асаналиев: “БШКга арыз келип түштү. Кимден түшсө да таратылып жаткан үгүт баракчаларында мыйзам бузуу болуп жатат”, - деди ал.

Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү жумушчу топтун Бабановго эскертүү берүү чечимин колдошкон жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: