super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз өлкөсү 13 алтын менен 8-орунга жайгашты

 

17-сентябрдан бери Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндары бүгүн, 27-сентябрда жыйынтыкталат. Бул күндөр аралыгында Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары жалпы 70 медаль утуп алышты. Алардын 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло. Муну менен Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык көрсөткүчтө 8-орунга көтөрүлдү.

Кечээ, 26-сентябрда өткөн мелдештерде Кыргыз спортчулары 5 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль тагынышкан. Бильярддын "кураштырма пирамида" түрү боюнча Ызатбек Ратбеков, спорттук бийдин самба түрү боюнча Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей, мушташ түрүндөгү самбодон Жаныбек Аматов жана спорттук самбодон Жамалбек Асылбек уулу, грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов алтын медаль утуп алышкан.

Ал эми күрөштүн грек-рим стилинде Үзүр Жусупбеков менен Атабек Азизбеков күмүш медаль алышса, мушташ түрүндөгү самбодон Мухаметали Эргешев, Алайбек Үмөтов жана спорттук самбодон Арсен Камчыбеков, спорттук бийдин пасадобль түрү боюнча Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей коло медаль алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
27.09.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыңар .
27.09.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алексей Федисеев эмне болду?
27.09.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pixel2015,утулуп калды
27.09.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олимпиада оюндарында да ушундай медалдарды утушсун деп тилек кылалы!
27.09.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы бир алтын алсак 7 биздики
27.09.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар! Аябай мыкты катыштынар. Алексей кумуш алды
27.09.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмонстан ашырып жиберип только эле
27.09.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Медалдын саны боюнча 6-7-орунда экенбиз, кудайга шүгүр жакшы жыйынтык.
27.09.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец Калы Сулайманов грек-рим курошунон Калы гана алыптыр алтынды 2020 олимп оюндарында да алтын алып Кыргыз элин суйундур ин ша Аллах. Амиин!!!
27.09.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар ушундай күчтүү спортчуларыбыз көбөйө берсин. Биз силер менен сыймыктанабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: