super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш “Мегакомду” сатуу маселесин талкуулайт

 

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова “Мегакомду” сатуу боюнча маселени парламенттин жыйынынын күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-сентябрда парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе боюнча коомчулукта талкуу болуп жатат. "Улутташтырылган объекттер боюнча маалымат алуу үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисин чакырсак. Бул боюнча комитеттин жыйынында укканбыз. Бирок аягына чыкпай калганбыз. Эртең “Liglass” компаниясындай болуп калбасын”, - деди Өмүрбекова.

Жыйынтыгында анын сунушу жана жалпы күн тартипке киргизилген маселелер добушка коюлуп, колдоо тапты.

Эске салсак, кечээ, 26-сентябрда "Мегаком" компаниясын Орусиянын жараны Елена Нагорная аттуу ишкер сатып алууга ниеттенүүдө деген маалыматты аталган фонддон билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: