Өлкө аймагында экологиянын жана суунун булганышынан балыктардын түрлөрү азайып жатканы айтылды






Бүгүн, 27-сентябрда Бишкекте Улуттук илимдер академиясында балык чарбасы жана биологиялык көйгөйлөр туурасында эл аралык илимий конференция өткөрүлдү.
Конференцияга Казакстан, Азербайжан, Пакистан өлкөлөрүнүн окумуштуулары, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Орто Азия чөлкөмүндө жана Кыргыз өлкөсүндө балык чарбасын өндүрүүдө экологиялык көйгөйлөр жаралып, балыктардын жана уникалдуу жаныбарлардын түрлөрүнүн азайып жатканы айтылды.
"Учурда өлкө аймагында 72 балыктын түрү жашайт. Айрым балыктардын түрлөрү жок болуп баратат. Мунун баарына экологиянын бузулушу жана браконерлердин таасири тийип жатат. Глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында балыктарды жана уникалдуу жаныбарларды, өсүмдүктөрдү сактап калуу зарыл", - деп билдирди Илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун директору Бекмамат Жээнбаев.

