super.kg logo
  Саясат  

“Казакстан Кыргызга байытылбаган ун жөнөтүп жатат” дейт өкмөт өкүлү

 

Өкмөткө караштуу Санитардык-эпидемиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков Казакстан Кыргыз өлкөсүнө байытылбаган ун жөнөтүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-сентябрда парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Казакстан өзүнө байытылган унду пайдаланат. Исаков билдиргендей, учурда байытылган унду жөнөтүү боюнча Казакстан менен сүйлөшүү жүрүп жатат. “1-2-сорттогу ундарды байытуу зарыл. Анткени тегирменде ун даярдоодо витаминдер жоголуп кетет. Учурда көпчүлүк өлкөлөр ундарын байытып жатышат. ЕАЭБге киргенден кийин Казакстан Кыргыз өлкөсүнө тоскоолдуксуз байытылбаган ундарын киргизүүдө. Биз коңшу мамлекетке унду байытып жөнөтүү үчүн кат менен кайрылдык. Бул маселе өкмөттө дагы каралган”, - деди Исаков.

Байытылбаган ун жаатындагы мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунда байытылбаган унду импорттоого айып пул түрүндө жаза каралууда. Салык органдарына байытылбаган унду мыйзамсыз алып келүү боюнча администрациялык иштерди кароо үчүн ыйгарым укук берилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: