super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Өкмөт "Мегакомду" Африкадан чай, кофе ташыган орусиялык жеке ишкерге сатканы жатат"

 

"Өкмөт "Мегакомду" Африкадагы Кениядан чай, кофе ташыган орусиялык жеке ишкерге сатканы жатат", - деди бүгүн, 27-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев.

Анын айтымында, жаңы өкмөт келгенде көпчүлүк эл "булар жаратман болуш керек" деп сүйүнгөн. "Жаңы келген өкмөттүн өнөктөштөрү шылуун чехиялык “Liglass” компаниясы. Өткөндө "аталган компания тегирмен куруп көрбөсө, ГЭСтерди курууну карматтыңар" деп айтканбыз. Эми болсо чай, кофе ташыган бир аял менен келишим түзүү алдында турабыз. Биздин элчиликтен же атайын кызматтардан бул ким деп маалымат алдыңарбы? Жеке өзүнө сатып алат бекен? Мындай ишкананы сатарда өкмөт терең изилдеп жоопкерчиликтүү мамиле кылса деген тилегибиз бар" , - деди Акаев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бактыбек Мураталиев 25-сентябрда "Мегакомду" сатуу боюнча арыз кабыл алуу бүткөнүн айтып, Елена Нагорная тууралуу маалыматтар изилденип жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: