super.kg logo

Сары-Челекте буту сынган израилдик туристти куткарып калган жаран окуянын чоо-жайын айтып берди

 
Дайынсыз болуп изделип жаткан кыз

Сары-Челекте 4 күндөн бери дайынсыз болгон кыз изделип жатат. Анын шериги жаракат алып ооруканага жеткирилген. Аталган айылдын жашоочусу Рысбек Ормоналиев аскадан кулап жабыркаган израилдик туристти 24-сентябрда тапкан. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына айтып берди.

"Туристтер Сары-Челекте жашагандардын үйүнө түнөп жүрүшүптүр. Кийин Сары-Челек көлүнөн алыс эмес жерде жайгашкан Кара-Суу өрөөнүндөгү Кара-Камыш көлүнө барышкан экен. Ал жакта 3 күн түнөп анан кайра ортодогу ашууну ашып Сары-Челек коругуна келе жатышып, жолдон адашып кетишиптир. 24 жаштагы турист жигит жоголгон шеригин "күтүп тур мен жол карап келем" деп жол издеп жүрүп аскадан кулап, бутун сындырып эс-учун жоготуп койгон. Эсине келип шеригин издеп тапкан эмес. Ошол учурда ал франциялык туристтерге жолугуп алар менен бирге кызды издей башташкан. Ал жакта телефон тартпагандыктан бир канча убакыттан кийин гана спутник аркылуу Израилге байланышыптыр. Алар Бишкекке кабар беришкен экен. Мен да туристтер менен иштешкендиктен 24-сентябрь күнү саат 18:00дөр чамасында Бишкектен байланышка чыгышып, сиз таап келиңиз деп суранышты. Биз 2 унаа менен көлгө барып, аларды издеп таптык. Бирок жоголгон туристти караңгы киргенче издеп таппагандыктан, жабыркаган туристти түн кирейин деп калганда үйгө алып келдим. Эртеси аны ооруканага көрсөтүп, анан башкалар чуу түшүп ӨКМ менен милициядан бизге кайрыла башташты", - дейт Рысбек Ормоналиев.

Андан сырткары ал азыр да жоголгон турист кызды издөө иштери жүрүп жатканын, жабыркаган турист да шеригин издешип тоодо жүргөнүн айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Сары-Челек коругунда израилдик 22 жаштагы Хилла Ливне аттуу кыз 4 күн мурун дайынсыз жоголуп изделип жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
27.09.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
табылып калсын, жардам берген жигитке рахмат, бул кыргыз элинин адамгерчилиг экенин унутпайлы

27.09.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
mirsapar,еврейлер адамгерчилик эмне экенин билишпейт
27.09.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaloshtalnarisbatchui, еврейлер дуйнодогу эн берешен калктардын бири.Силер арабардын пропагандасын коп угуп калган болсонор керек. Бирок аларда сдака деген тушунук бар (садака) тапканын 10-15% кайрымдуулукка беришет. Алар коп жардам беришет башкалардын улутуна же динине карабай. Мен озум еврейлер менен чогу иштечумун мурда.
progresskg түзөттү 2017-09-27 20:40:35
27.09.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карасан еврей жоголсо тунго карабай издешет!!!
27.09.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kosmos2013,Өзүбүздүкү болсо жаан жап койду кеч кирип кетти дешип токтотуп коюшту эле көчкү баскандарды
27.09.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bars88,Этият болуп жаз,бул жакта еврейдин тамаггын жеген акчасын алган еврейлерди тим эле суйгон окурмандар бар
28.09.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bars88,себеби акча бериш керек, жондон жон издебейт анан ал мамлекеттин жарандарына болгон мамилесине карайт. Америка,Германия, Франция ушу сыяктуу олколор оз жарандарынын укугун укмуш коргойт кайсы жакта болбосун, кандай ситуацияда болбосун. Бул кайсы олконун жараны экенинен коз каранды.
27.09.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы мамлекет болбосун жараны учун коргоого аракетенет,бизде болсо мамлекеттик органдар тескерисинче жоголуп жатабы олуп жатабы ортонуп жатабы кочку басып кырсык кабылдыбы баарибир эптеп септеп конул бурумуш болот тообо. Ар бир жаран мамлекеттин бутундугун тузоорун биздин шалааакы окмотоко жетпейтко деп ойлойм,талапкерлердин лапшасына ишенип олкобузду дагы да 6 жылга афирис ишке жондому жок онуктурмоктурсун атамбаевдей сызга отургузган адамга добушубузду болбогон тыйынга сатып 6 жыл кайгыралы.
27.09.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Еврей болсо да табылып калсын
27.09.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жакта еврейлер эмне кылып журот?
27.09.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен еврейлер менен иштеп калдым. Арабтарга караганда коп эсе адамкерчиликтуу эл. Коп жактарын уйроносо болот. Башка улуттар ичи куюп аларга, жамандай берет, бирок жалпысынан жакшы эл. Арабтар менен асман менен жердей эле айрымасы бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: