super.kg logo

Чехиялык "Liglass" Кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко бергени жатат

 

Чехиялык "Liglass Trading" компаниясы Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин бузулушу боюнча Бириккен улуттар уюмунун атайын комиссиясына жана эл аралык арбитраждык сотко кайрылганы жатат. Бул тууралуу аталган компания өзүнүн жеке сайтында билдирүү жарыялады.

"Кыргыз өкмөтүнүн "Liglass Trading" компаниясы менен инвестициялык келишимди бир тараптуу жокко чыгаруусу чындыкка дал келбейт. Мындай маалымат өлкөнүн президентин, Жогорку Кеңешти жана коомчулукту жаңылыш ойлорго алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз мыйзамдарына ылайык, “Liglass Trading” компаниясы мамлекеттер ортосундагы инвестициялык талаштарды конвенциянын негизинде инвестициялык талаштарды чечүүчү эл аралык борборго кайрыла алат. Мындан тышкары компания эл аралык арбитраждык трибуналга (коммерциялык сот) кайрылууга укуктуу", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, быйыл 10-июлда өлкөгө ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес.

Келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.

18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
27.09.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушудан утулса өкмөт,анда бул мамилекетти башкарып жаткандарга наалат жарыялаш керек
27.09.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Берсе берсин, окмот тупой болсо эмне кылайлы эми.
27.09.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Премьер министр менен президент мырза жооп беришет
27.09.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Э ушулардын баарын бироо жооп бериш керек да а бизде деген жоопкерчилик деген жок болуп калды мына эми Атамбаев жооп берсин башында келишимге кол койуп атканда турбады беле кол чаап Аша каяктагы бут сабатсыздарды топтоп алган айланасына
27.09.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уурусу кучтуу болсо ээсин басып жыгылат болуптур да
27.09.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иштин бары атамбайда жанындагы шакалдар тойбойтго ушак суйлошпой ишти кылышса жакшы болмок
27.09.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент,Пример министр мына ушул экообун соттошсун экообу кунолуу талапкерин да кошуп алсын.Мага десе КСДП баарын сотко беришсин.Эртен кыйын болуп бироолордун ушагына кирип отказ кылдым бирок ишенгем бизде куноо эмес дешет.Оздорун корсотуп жокко чыгарышты эле.Эгер сотто сурак берип калышса айланайындар ал монтаж биз чечимди жокко чыгарган эмеспиз дешишет.
27.09.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимге акча берип эле журо берет экенбизда башы иштеген адам качан президент болот экен.
28.09.2017. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшогон шылуун алдамчы компанияларды тез арада кууп жоготуу керек, бет тырмачылык кылып атыптыр да. Жөн эле күйгүзөт да энеңдурайындар десе. Бир өлкөнү ойнотуп төлөөрүн төлөбөй, супурасы курук шумпайлар десе.
30.09.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: