Өлкөдө Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык түзүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыкты түзүүнү сунушташууда. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 27-сентябрда коомдук талкууга коюлду.
“Чыңгыз Айтматов” медалы менен маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство жаатындагы жарандар сыйланат. Ошондой эле бул сыйлыкты ар түрдүү маданий, диний салттарды тутунган улуттар менен элдердин маданий мурастарын иликтөөгө жана сактоого, маданияттарын жакындаштырууга, өз ара байытууга салым кошкондор ала алышат. Мындан тышкары тынчтыкты жана достукту, мамлекеттер ортосундагы руханий байланыштарды өнүктүргөндөр да сыйлыкты алышат.
"ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Айтматов ХХ кылымдагы эң окумдуу жана чыгармалары көп басылып чыккан жазуучулардын бири болуп саналат. Өзүнүн чыгармалары, кайталангыс чыгармачылыгы жана эл аралык коомдук ишмердиги менен Айтматов дүйнөлүк адабиятты, искусствону өнүктүрүүгө, тынчтыкты жана достукту бекемдөөгө, мамлекеттердин ортосундагы руханий байланышты чыңдоого чоң салым кошкон", - дешет демилгечи депутаттар.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Эмил Токтошев, "Бир Бол" фракциясынан депутат Жаныбек Бакчиев.


Антпесе эртен эле акчага Ч.Айтматовдун дагы наамдары сатылып жургонуно кубо болуп калышыбыз мумкун .эмгек синирген наамды алган ырчы,чоорчу сыяктуулардай болуп.