Өкмөт башчы талапкер Жээнбековго үгүттөгөн Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берүү жана штаб жетекчилигинен алуудан башка катаал чара көрүлбөй турганын билдирди
Өкмөт жетекчиси Сапар Исаков элди талапкерлердин бирин колдоого үгүттөгөн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге буга чейинки эскертүү берүү жана шайлоо боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошотуу чарасы жетиштүү деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Төралиева билдирди.
21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиевге президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөнү үчүн эскертүү берип, шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошоткон.
Ал эми 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөткө Зилалиевдин кызматтык жоопкерчилигин кароодо катуу чара көрүүнү сунуштаган чечимин жөнөткөн эле. Зилалиевге карата жогорудагыдан башка чара көрүлбөй турганы белгилүү болду.
Эске салсак, 19-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун активи менен жолугушууда КСДПнын талапкерин колдоого үндөгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Эгерде Жээнбековдон башка талапкерди колдоп угуттогондо ошол куну ага карата мыйзамдуу турдо деп жазалашмак. Бул бийликтин эки жуздуулугу дагы канча убакытка созулар экен убакыт корсотот,убакыт тараза