"Дене тарбиячы" сериалы аркылуу таанымал 18 жаштагы актёр Егор Клинаев каза болду





"Дене тарбиячы" ("Физрук") сериалы аркылуу таанымал 18 жаштагы орусиялык актёр Егор Клинаев каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү жаш актёр унаа айдап келе жатканда анын көзүнчө жол кырсыгы катталган. Клинаев унаадан түшүп, жабыр тарткандарга жардам берүүгө барган. Ошол учурда катуу ылдамдык менен келе жаткан унаа кырсык катталганын байкабастан дароо 3 адамды сүзүп кеткен. Алардын бири Егор ошол жерден жан берген.
Белгилей кетсек, актёр кичинесинен чыгармачылыкка жакын өсүп, "Непоседы" тобунда ырдап 4 жылдай "Пора в Космос" телеберүүсүн алып барып келген. Андан соң кино жаатына аралашып 8 долбоорго катышкан. Алардын бири көпчүлүк сүйүп көргөн "Дене тарбиячы" сериалындагы олигархтын уулу Никитанын ролу эле.












1 |