super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-СЕНТЯБРЬ: Улуттук көркөм сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиев туулган

 
Гапар Айтиев. "Дене тарбиячылар"
Гапар Айтиев. "Чак түш"
Гапар Айтиев. "Чабандар"
Гапар Айтиев. "Колхозчулардын эс алуусу"
Гапар Айтиев. "Фронттон кат"
Гапар Айтиев. "Эски кыштак"

Жаратылыштан таалим алууну сүрөтчүлөрдүн мыйзамы катары көргөн СССРдин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз тарыхында эң алгачкы профессионалдык сүрөтчү катары таанымал Гапар Айтиев 1912-жылдын 28-сентябрында туулган.

Балалыгы өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында өткөн. Кээ бир маалымат булактарында жазылгандай, ал бала кезинен эле сүрөтчү болууну кыялданып, очоктогу отундун күйгөндөн калганын алып көө менен сүрөт тартууну адатка айланткан.

1932-жылы Кыргыз институтун бүтүрөт. 1932-1934-жылдары Жалал-Абад педтехникумда мугалим болуп иштейт. 1935-1938-жылдары Москвадагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган.

Балалыгы турмуштун катаал мезгилине туш келген сүрөтчү эр жеткенде - 1941-1944-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

Келгенден кийин Кыргыздын сүрөтчүлөр союзун жетектеп, жаңы муундагы кадрларды даярдайт жана сүрөт исскуствосунун ар кыл жанры жана түрүнүн өнүгүүсүнө жол түзөт. 1967-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин президиумунун мүчөсү,1976-жылы Президиумдун жетекчисинин орун басары, 1977-жылы ССР сүрөтчүлөр Академиясына жетекчи болуп дайындалат.

Ленин, Октябрь Революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу жана "Ардак Белгиси" ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган.

Гапар Айтиевдин сүрөт өнөрүндөгү эң негизги тармагы пейзаж болуп саналат. Анын көп эмгектери турмуштук окуяларды, жай жашоону, кыргыздын каада-салтын баяндап берет. Портрет жанрында да сүрөт сүйүүчүлөрдү суктандырган кыл калем ээсинин эң мыкты делген эмгектери Алматыдагы Шевченко атындагы сүрөт галереясынын, Львов шаарындагы сүрөт музейлеринин жана өзүнүн ысымы ыйгарылган Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин менчигине айланган.

Улуу сүрөтчү 1984-жылы 16-декабрда 72 жаш курагында көз жумган.

28-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: