super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊештин аппарат кызматкерин иштен айдоону талап кылууда

 

Бүгүн, 28-сентябрда депутат Каныбек Иманалиев өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл аралык кызматташуулары боюнча токтом чыгарганын, бирок аны менен депутаттар тааныш эместигин айтты. Депутат спикер Чыныбай Турсунбековго кайрылды.

акында өкмөт токтом чыгарыптыр, биз таппай жатабыз. Мындан кийин Кыргыз депутаттары кайсы чет өлкөлөргө бара алышат, кайсы жакка бара алышпайт, кайсы парламенттик өлкөлөр менен кызматташа алышат, ошону сураштырсаңыз.

Сиз маселени жакшы билесиз, 13-сентябрда Жогорку Кеңеш Европа коопсуздук кызматташтык уюму боюнча токтом кабыл алган. Ал уюмга жиберилет, бирок Жогорку Кеңештин кызматкери, бөлүм башчынын орун басары Эрнис Абдирашов "Жогорку Кеңештин токтомун аткарбагыла" деп телефон чалат. Бул сүйлөшүүсү диктофонго жазылган. "Сиз мени жумуштан кетир деп аппарат башчыга айтсаңыз, этика комитетине кайрылам" дейт. Мындай адам бир күн да Жогорку Кеңеште турбашы керек. Жогорку Кеңештин токтомун аткарба деп ЕККУга телефон чалып жатат. Мындан төмөн каякка түшөбүз. Канча азаматтар Жогорку Кеңештин аппаратына келе албай жүрүшөт. Жогорку Кеңеште кичинекей монополия болуп калыптыр", - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: