super.kg logo

Текебаевдин жактоочусу отурумга келбей калгандыктан сот мамлекеттик жактоочуну дайындады

 

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралмак. Бирок Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова иш сапары менен Бишкек шаарынан башка жакка кетип отурумга келе албай калгандыктан, сот Текебаевге мамлекеттик жактоочуну дайындап бир саат тыныгуудан кийин отурумду улантуу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.09.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйшаңдабай эле келип ишиңди бүтүрбөйсүңбү?Жоопкерчилик жок да.болбосо алдын ала айтып эскертүү бериш керек эле.бизде артисттерибиз менен чоңдорубуз интервю алса кечигип келет жэ келбей койот.
28.09.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ото чон оюн го, мамлекеттик жактоочуга текебаев ишеним корсотпой койсо дагы жылатт да, бирок шашылыш кароо керек болуп жатат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: