super.kg logo

Ысык-Ата районунда мугалимдерден мыйзамсыз акча чогултканы боюнча мектептин мурдагы директоруна кылмыш иши козголду

 

Ысык-Ата районунда мугалимдерден мыйзамсыз акча чогултканы боюнча мектептин мурдагы директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук прокуратурасы Дмитриевкадагы орто мектептин мурдагы директору К.М. жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 171 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Дмитриевкадагы орто мектептин мурдагы директору К.М. 2016-жылдын июнь айынан 2017-жылдын сентябрь айына чейин Ш.О. аттуу мугалим жана башкы эсепчи К.Н. менен сүйлөшүп алып мугалимдерден 500 сомдон чогулткан. Чогулган 21 миң сом мектепти текшерүү үчүн келген аудиторго берилмек. Ошондой эле мектептин ремонтуна деп окуучулардын ата-энелери тарабынан чогултулган 180 миң сомдун, болгону 84 миң сому бөлүнүп берилген. Андан сырткары кеңсе товарлары үчүн айыл өкмөт тарабынан берилген 183 миң сом да өз максатында колдонулган эмес", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.09.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы супер инфо жибек жолу комунаровда 41мектепти билим минстри текшерсе жакшы болмок акыркы кундору без придел болуп жатат дректору татар пенсияга кетиш керек болчу давно карып калган и акча быйыл 400сомдон чогултуруп жатат былтыр 350сом болчу быйыл андай чогултулганды алып салды елего супер инфо жооп кутом
anash түзөттү 2017-09-28 10:58:15
28.09.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anash, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
28.09.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсызыздарбы дагы эле ошондой корунуш жалал абад обласында номер 54 мектепте да пенсияга чыгып калган кары агайлар чыкпай иштеп атышат сабактан кийин чогулуп кантордо арак ичишет бул жаш окучуларга терс корунуш окучулардын жакшы билим алат турган учуру азыр
28.09.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Новопавловкадагы Чынгыз Айтматов атындагы 1лицейди да текшерсе жакшы болмок.Ай сайын 500 сомдон толойбуз.Андан тышкары 200сом тамагына чогултат.Баары 700сом.Майда чуйдолорун айтпай эле коеюн.Тиешелуу жерге жеткирип койсонуздар.Бир уйдо 2-3-4 бала окуйт да
28.09.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-29 10:38:43
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: