super.kg logo
  Саясат  

Абдыжапар Бекматов: "БШК мүчөлөрүнүн ортосундагы көп пикирдүүлүктүн болгону мыйзам ченемдүү көрүнүш"

 

Борбордук шайлоо комиссиясындагы көп пикирдүүлүктүн болгону мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындан пикирин бүгүн, 28-сентябрда "Таза шайлоо үчүн" жарандык кыймылынын маалымат жыйынында БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Эгерде бардыгы бир чечимди кол көтөрүп кабыл алып турса бул туура эмес. Көп пикирдүүлүк болгондо талкуу болот. "Талкуудан тактык жаралат" деген сөз бар. Мындан улам так бир чечимге келип жатабыз", - деди ал.

Эске салсак, 20-сентябрда БШКнын 4 мүчөсү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Елена Жылкычиева, Гүлнара Журабаева маалымат жыйын берип, БШКнын өзүндө мыйзам бузууларга жол берилип жатканын айтышкан. Абдрахматова БШКда өгөйлөнүп жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: