Кыргыз-Өзбек чек арасынын тактала элек 15 пайызы боюнча Баткенде 1 апта сүйлөшүү жүрдү
Баткенде 21-27-сентябрь күндөрү Кыргыз-Өзбекстан чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.
"Жолугушууда делегациялар 5-6-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарында кол коюлган Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жөнүндө келишимге кирбеген чек ара тилкелерин тактоону улантышты", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Сүйлөшүү эки өлкөнүн жумушчу топторунун деӊгээлинде өткөнү белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Өзбекстан президентинин Бишкектеги сапары учурунда Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып, 15 пайызы калганын айткан.







1 |