super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМнын сатып алуулар бөлүмүнүн кызмат адамдары дизелдик күйүүчү майды жеткирүү боюнча тендерде "Э" ишканасын жеңүүчү деп тапкан. Бирок белгисиз себептерден улам күйүүчү майды жеткирүү боюнча арзан баа сунуштаган ишканалардын арызы каралган эмес. Мындан улам күйүүчү майды жеткирүү иштери жогорулатылган баада аткарылган.

Андан сырткары келишимде көрсөтүлбөстөн ӨКМ тарабынан кошумча 8 миллион сом которулган. Анын 5 миллион 295 миң сомуна гана күйүүчү май жеткирилген.

"Жогорудагы фактылар боюнча ӨКМнын кызматкерлерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "өлкө кызыкчылыгына каршы келишим түзүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми "Э" ишканасынын кызматкерлерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга катышуу" жана "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат Башкы көзөмөл органдын айтымында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
28.09.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмактар десе!
28.09.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аягына чейин сотогула эми качырып ийбей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: