super.kg logo

БШКнын жумушчу тобу талапкер Жээнбеков боюнча түшкөн үч арызды канааттандырган жок

 

Борбордук шайлоо комиссиясына “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” тарабынан талапкер Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн үч арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Арстанбек Туржанов билдирди.

“Бул үч арыздын биринчиси Патрулдук милицияга байланыштуу болчу. Анда унааларга үгүт материалдарын илип, милициялар коштоп жүргөнү айтылган. Бирок бул такталган жок.

Экинчи арыз Өзгөн районундагы мектеп боюнча. Ал жерде жаш балдар мектеп столдорун көтөрүп, жолугушуу болгон жерге ташыган деп айтылган. Бирок бул боюнча да жетиштүү далилдер табылган жок.

Үчүнчүсү "аймактык шайлоо комиссиясынын имаратына талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы ачылган" деген арыз болчу. Бирок бул да далилденген жок”, - деди Туржанов.

Ал бул арыздар БШКнын кароосуна жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” өкүлү Улан Дастан уулу бул маалыматтарды тактап, БШКнын жалпы чечимин күтүп жатканын айтты. “Биз жумушчу топтун чечимдерин ала элекпиз. Эми БШК отурумда караса, анын чечимдерин бергенден кийин таанышып талкуулап чыгышыбыз керек. Эгер БШК биздин арыздарыбыздын негизиндеги чечими боюнча макул болбосок, сотко кайрылганга укугубуз бар. Эгер жумушчу топ ачык айкын карап чыкты десек, балким, ошол чечимди кабыл алабыз. Биз да бул боюнча коллегиалдуу отуруп карашыбыз керек”, - деди Улан Дастан уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(8)
28.09.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оздорунун аркаларын олйоп жатышатда бир нерсе деп койуп эртен жумуштан кетип калбайын деп
28.09.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Албетте Сдпкнын адамдары кылсада далилсиз болуп калып кеттетда себеби бийлик ошолордун колунда эгерде Бшк нито суйлосонор чык эшике деп жумуштан айдаласынар дегенда
28.09.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Далил жок, далил жок,Соке отуп кетсе эмне кылат деп артын ойлоп жатат
28.09.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
СДПК га карата бугунку кундо мыйзам иштебейт.башка партия же карапайым адамдар учун гана мыйзамдуу олко болуп келет.
Сарпашевге,Жээнбековго,Мусабековага о.э.кандуу жук тууралуу жайкы эс алуу буткондо сентябрда айтабыз деген дайыны жок.элди унутсун деп жым болуп журушот
28.09.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Албетте канааттандырбайт да канаатандырса күн тескери жактан чыкпайбы.
28.09.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бшкнын озун камаш керек неге бир тараптуу иштеп жатат балык башынан сассыйт
28.09.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
казанчынын оз эрки
кайдан кулак чыгарса болтат даа
28.09.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Жээнбековду шайласамбы деп аткамын. Бирок бул оюмдан кайттым. Себеби бийликтин ушундай кылыктарынан кыжырым кайнап, мээге чыкты. Кандайча далилсиз?... кимге бийлик тараптан кысым башталса, ошол чиновниктин аброю которулот окшойт. Бабановду шайлагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: