Өзгөндөгү 3 адамдын өмүрүн алган кырсыктан эки адам ооруканага жеткирилген. Биринин абалы оор



Ош облусунун Өзгөн районунда адам өмүрүн алган кырсык боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Өзгөндүн Ана-Кызыл айылында катталган жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери башталды. ВАЗ-2199 үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кеткени белгилүү болду. Аталган унаадагы айдоочу менен жүргүнчү каза болгон. Ал эми Хонда Фит унаасындагы жүргүнчү көз жумган. Эки адам денесинен жаракат алган. Ооруканага жеткирилген Хонда Фиттин айдоочусунун абалы оор. Азыркы учурда тергөө тобу иш жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, бүгүн жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгону айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Уурмааатттттуууу айдочулар жол эрежесин сактагылачы