super.kg logo

Жанар Акаев "Акыйкат шайлоо үчүн" жөө жүрүшүнүн ордуна жыйын өтө турганын айтты

 

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев Бишкекте 30-сентябрда саат 10:00дө "Акыйкат шайлоо үчүн" деген аталыштагы жыйын өтө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-сентябрда парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыйын тынч мүнөздө өтөт. "Элдин пикирин салтанат менен жакшынакай кылып коомчулукка жеткирели деп жатабыз. Коомдук лидерлер, депутаттар катышат. Ошол жерге болжолдуу түрдө 5 миңге жакын жаран келет. Шайлоого тиешелүү кызматтагылар иш-чарага келип шайлоо акыйкат өтө турганын айтып кетсеңер", - деди ал.

Ошондой эле Жанар Акаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдон жыйында коомдук тартипти көзөмөлгө алып берүүсүн суранды. "Октябрь РИИБинин башчысы менен сүйлөштүм. Алар коомдук тартипти көзөмөлгө алып беребиз дешти", - деди Акаев.

Аталган иш-чара борбор калаадагы Ахунбаев менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги "24-март" скверинде өтө турганын активист Ренат Самудинов SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, буга чейин алар жөө жүрүш өткөрүүнү пландашкан. Ал эскерткендей, Октябрь райондук соту 20-октябрга чейин жөө жүрүш өткөрүүгө тыюу салган. "Жыйын өткөрүп талаптарыбызды айтабыз. Негизги талаптар булар: административдик ресурстун колдонулбасын, добуштар сатып алынбасын, диний жана криминал өкүлдөрү саясий процесстерге аралашпасын. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы жана Башкы прокуратура өздөрүнүн милдетин так аткаруусун талап кылабыз", - деди Самудинов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
28.09.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанар Акаев ошондой жыйынды Ош шаарында дагы кылсанар жакшы болмок. Бирок бийликтен абайла булар таппай эле турат Сендей патриоттор коп болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: