Канат Исаевдин жактоочусу: "Күбөлөрдүн бир бөлмөдө чогуу суралышы Кылмыш-жаза кодексине туура келбейт"
Депутат Канат Исаевдин кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн бир бөлмөдө чогуу суралышы Кылмыш-жаза кодексиндеги кетирилген чоң ката. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG`ге Канат Исаевдин жактоочусу Рахат Абдрахманова билдирди.
"Кылмыш-жаза кодексинин тартибине ылайык, бир адам күбө катары суралып жатса экинчи адам анын көрсөтмөсүн укпашы керек. Анткени экинчи адам анын көрсөтмөсүн угуп алып ошондой көрсөтмө бериши мүмкүн. Исаевдин иши боюнча суралган эки күбөнүн бир бөлмөдө суралышы бул тергөө ишин жүргүзгөн УКМКнын чоң катачылыгы. Күбөлөрдүн бир бөлмөдө чогуу суралышы Кылмыш-жаза кодексине туура келбейт. Күбөнүн көрсөтмөсүн сот жокко чыгарышы керек болчу. Бирок андай болбой жатат. Негизи сот ушул күнгө чейин жактоочулардын ойлорун укпай, өтүнүчтөрүн канааттандырбай жатат", - деп билдирди жактоочу Абдрахманова.
Эске салсак, буга чейин соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары суралган Татьяна Каныштарова тергөө учурунда бир бөлмөдө Людмила Беспалова менен чогуу отурганын айткан.

