super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Көчөдөн, ашкана, кафелерден тамактанасыңарбы, алардын санитардык абалы кандай?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көчөдөгү ашканалар" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Азыркы убакта көчөдө кафелер, ресторандар көбөйүп кетти. Ал жакта иштеген ашпоздор тамакты кантип жасашат, ашкана тазабы, курт-кумурскалар жокпу? Колдорун таза жууп жасашабы ким билет? Менин айтайын дегеним силер көчөдөгү ашканалардан тамактанасыңарбы? Азыр көбүнчө иштеген адамдар көчөдөн тамактанышат. Кызматкерлер медициналык кароодон, кафе, ашканалар санитардык көзөмөлдөн өтүп турушабы?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Тазасы да бар, кири да бар, санитардык көзөмөлдөн өтүп жатабы аны ким билсин, бирок көчөдөн кээде тамак ичүүгө туура келет".

"Көчөдөгү ашканадан колуңардан келишинче тамактанбай эле койгонуңар туура. Жумушум боюнча ошол саткан тамактарды текшергенин көрүп жүрөм, эми Кудай эле сактасын. Эмнелер гана жок. Эң аз дегенде эле ичеги-карын ооруларынын козгогучтары (кишечный палочкалар) чыгат, андан башкасын айтпай эле коёюн. Деги абайлай көргүлө, андан көрө үйдүн тамагын бир идишке салып келип эле түштөнүп алганга аракет кылгыла".

"Официанттын кудурети күч! Кааласа - тамакты жөн эле алып келип коёт, кааласа тамакка "ар нерсени" аралаштырып коёт" деген анекдот бар го. Официанттар жөнүндө ошондой сөз болуп жаткандан кийин, ашпозчулар жөнүндө башка кеп. Алар дүңүнөн жайлайт го, чагымда".

"Мен да ашканада иштейм. Бирок Москвада, ал эми курт-кумурска бардык эле жерде болот. Мен бир да кумурска жок ресторанды көргөн жокмун. Аны дарылап турушат, а кээ бири көрүп калса жыга чабат, а кээ бири боору ооруп "жашай берсин" деп тийбейт. Мына ушундай эле ашкана да. Ал эми тамак жасаганы келгенде ар бир этти жыттап текшересиң. Жашылчалардын, соолуп калганын ыргытасың. Арасында тазасы да бар, кечээкиси да болот. Табитине карап келген конокторго жасап бере беребиз. Суши барда иштеген үчүн эки мүнөт ашып барса беш мүнөт сайын колуңду жууйсуң. Ар бир нерсени жасай баштаганда колду жууйбуз. Официанттар эч нерсе кошо алышпайт. Конок "отказ" кыла турган болсо, официанттар өздөрүнүн чөнтөгүнөн акча төлөйт. Же болбосо кайтарып ашпозчуларга алып келет. Конок "отказ" кылды деп айтса кайрадан жаңысын жасап берет. Тазалык ар бир кафеде, ресторанда ар башка".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.09.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочодогулорго коп ишенбейм.Уйго алып келип жасайм,шайрма,лагман,манты жейбиз да основной,аларды уйдон жасап жегенге аракет кылам.Арзан да болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: