Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары ушу-саньшоу боюнча Дүйнө биринчилигине катышат

Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары спорттун ушу түрү боюнча Дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 26-сентябрынан 4-октябрына чейин Орусиянын Казань шаарында ушу боюнча өтө турган XIV Дүйнө биринчилигине Кыргыз өлкөсүнүн ушу-саньшоу боюнча улуттук курама командасы катышат.
Команданын тизмеси:
- Туратбек Сулайманкул уулу 1990-жылы төрөлгөн, 48 килограммга чейинки салмакта эл аралык класстагы спорт чебери;
- Куан Абдыраимов 1990-жылы төрөлгөн, 90 килограммдан өйдө салмактык категорияда эл аралык класстагы спорт чебери;
- Жоомарт Келдейбай уулу 1995-жылы төрөлгөн, 75 килограмм салмакка чейинки категорияда спорт чебери;
- Тагайбек Өмүржанов – башкы машыктыруучу.
Агенттиктен билдиришкендей, аты аталган спортчулар Казань шаарына учуп кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bosmos77777

28.09.2017. 19:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргыз! Манас атабыз колдосун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.