БШК талапкер Жээнбеков боюнча түшкөн арызды канааттандырган жок





Бүгүн, 28-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын арызын карады.
Жыйында айтылгандай, арыз 23-сентябрда БШКга түшкөн. Ага ылайык, талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерине Өзгөн районунда Ленин атындагы мектебинин окуучулары тартылып, столдорду ташыган. Ал жерге мамлекеттик кызматкерлер да катышканы айтылды. Бул боюнча арызга сүрөт, видеоматериалдар тиркелген.
“Биздин жумушчу тобубуздун сунушу менен Билим берүү министрлигине кайрылып, мындай абал мындан ары кайталанбашы керек деп эскертүүбүз зарыл. Биз бул окуяны четке кагып, ошол эле учурда мындай окуя башка кайталанбасын деп жатабыз. Ушундай окуя болгон жок десек туура болбойт”, - деди БШКнын мүчөсү Назарали Арипов.
Талкуунун жыйынтыгында БШК мүчөлөрү арызды карап чыгып, редакциялык оңдоолор менен арызды канааттандыруусуз калтыруу чечимин кабыл алды.
Буга чейин БШКнын жумушчу тобу бул арызды карап чыгып, канааттандыруусуз калтырган.
















1 |