super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Орусиянын Федерация Кеңешинин тармактык комитетинин төрагасы Андрей Клишасты кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 27-майда Орусиянын Федерация Кеңешинин конституциялык мыйзамдуулук, укуктук жана соттук маселелер, Жарандык коомду өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Андрей Клишасты кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Асылбек Жээнбеков Андрей Клишасты “Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору” наамына ээ болушу менен куттуктады.  

Өз учурунда Клишас Кыргыз улуттук университетинде Кыргызстан менен Орусиянын Конституцияларынын 20 жылдыгы боюнча “Конституция - келечектин планы катары” аттуу лекция окугандыгын маалымдады. Ошону менен катар ал Орусиянын Федерация Кеңеши тарабынан ушул жылы Орусия Федерациясынын Конституциясынын 20 жылдыгына белгиленген иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Тараптар эки мамлекеттин конституциялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө пикир алышты. Жээнбеков мейманга парламенттик демократияны куруу жолундагы Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө демократиялык мамлекеттер үчүн маанилүү болгон Конституциянын туруктуулугу жана динамизми боюнча пикирлерин ортого салышып, ошондой эле келечекте парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерине токтолушту.

Жолугушууга ЖКнын вице-спикери Бөдөш Мамырова да катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: