super.kg logo

Тажикстанда үлпөт тойго 300дөн ашуун мейман келгени үчүн той ээлери менен кудалар айып пулга жыгылышты

 

Тажикстандын Улуттук китепканасынын мурдагы директору Сайфиддин Назарзода “Салт-санаа жана салтанаттарды жөнгө салуу” мыйзамын бузгандыгы үчүн 12 миң сомони (1350 доллар) айып пулга жыгылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстанда аткаминер биринчи жолу үйлөнүү үлпөт тартиптерин сактабагандыгы үчүн жазага тартылды. Райондук соттун чечими менен Сайфиддин Назарзоданын кудасы Тоджиддин Хабибуллоевге 5 миң сомони (560 доллар) айып пул салынды.

Коррупция менен күрөшүү жана каржы көзөмөлү агенттиги Сайфиддин Назарзода меймандардын саны 150дөн ашпашы керек деген чектөөгө карабастан уулунун үйлөнүү тоюна 300дөн ашык кишини чакырган деп эсептейт.

Сайфиддин Назарзода 21-сентябрдагы сот отуруму учурунда той келининин ата-энеси тарабынан уюштурулганын билдирген. Анын айтымында, үлпөткө күйөө бала тараптан 50 киши, кыз тараптан 70 киши чакырылган. Бул салтанаттан кийин Назарзода жумуштан алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
29.09.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ХХХХ кушту биздин президентен башболуп депутаттар тош болуп бардыго ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-29 11:45:57
29.09.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мына сага! Ушундай катуу тартипте болсо мамлекет деген
29.09.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
kalpak.kg92, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
29.09.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул тепм мн кетсе 10 жылда онугот карап турасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: