super.kg logo

Атыр Абдрахматова, БШКнын мүчөсү: "БШК өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдалана албай жатат"

 

"Тилекке каршы, азырынча Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн административдик ресурстарга каршы толук кандуу пайдалана албай жатат", - деди бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова.

"Мыйзамда мүчүлүштүктөр көп болушу мүмкүн. Көзгө көрсөтүлбөгөн, байкалбаган да жагдайлар болуп калышы ыктымал. Мыйзам боюнча, БШКга ар кандай жол-жоболорду, нускамаларды бекитүү боюнча укук берилген. Анын негизинде БШКнын ушуга окшогон чечилбеген маселелерди, шайлоо шарттарын ыңгайлаштыруу, уюштуруу боюнча жол-жоболорду кабыл алганга мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле кара пиар, административдик ресурс, добуштарды сатып алуу фактылары боюнча БШК өзү чара көргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Биз коллегиалдуу орган болгондон кийин, БШКнын 12 мүчөсүнүн жетиси кандай добуш берсе, ошол чечим мыйзам бузуулар менен болсо да күчүнө кирип кете берет", - деди Абдрахматова.

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте "Шайлоо мыйзамдары: көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору" аталышында тегерек стол өтүүдө. Отурумга бир катар саясий ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, президенттикке талапкерлер катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: