super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев башка талапкер менен биригүүсү боюнча сөздөрдү четке какты

 

Президенттикке талапкер Темир Сариев башка талапкер менен биригүүсү боюнча сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-сентябрда брифингде билдирди.

"Акыркы убактарда шайлоочулардын арасында ар кандай сөздөр болду. "Бирөөлөр менен жолугуп, соодалашып жатат" деген сөз жүрүүдө. Биз аягына чейин барабыз", - деди Сариев.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Сариев башка талапкерлер Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Адахан Мадумаров жана Улукбек Кочкоров менен жолукканын айтты. Алардан сунуштар болгонун айтып, бирок кандай сунуштар экенин айтуудан баш тартты. Ал эми бийлик тарабынан Бишкек шаарынын мэрлик кызматына, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагалыгына сунуштар болгонун төгүндөдү.

Мындан тышкары ал "президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантам" деп айтпаганын белгиледи. Ошондой эле өлкө башчы менен жолукпаганын да кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: