super.kg logo

Кара-Балта шаарында 56 жаштагы аялды карактоого шектелгендер кармалды

 

Кара-Балта шаарында 56 жаштагы аялды карактоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 5-июль күнү милиция кызматкерлерине 56 жаштагы М.Н. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар бычак такап коркутуп, үйүндөгү 7 миң сом акчасын, алтын зер буюмдарын жана 4 даана уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Т.В. жана 25 жаштагы Э.А. кармалды. Учурда алар камакка алынышып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: