super.kg logo

Бишкекте 90 жаштагы Мамбет Мамакеевдин эстелигинин жана үй музейинин ачылуу аземи өткөрүлдү

 

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте дарыгер Мамбет Мамакеевдин 90 жаш мааракесине карата эстелигинин жана үй музейинин ачылуу аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага өлкөнүн облустарынан жана Түркия, Германия, Өзбекстан, Казакстандан коноктор келип катышты. Мааракенин жүрүшүндө Мамбет Мамакеевдин кылган эмгектери айтылып, жасаган иштери туурасында катышуучулар өз ойлорун ортого салышты.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылында туулган. Ал өмүр бою медицина тармагында иштеп келген. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын "Баатыры", "Манас" орденинин 1-жана 3-даражадагы ээси, Кыргыз ССРинин Ардактуу дарыгери наамдары берилген.

Мамбет Мамакеев учурда Бишкектеги улуттук хирургия бөлүмүндө эмгектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
30.09.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болот экен го тируусундо деле конул болуп койсо??а болбосо биздикилер олгончо эл адамдарынын кадырына жетпейт..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: