super.kg logo

Өлкөнүн аймактарында кар жаады. Кыргыздар кардын эрте жаашын "кыш бала салып койду" деп айтчу, андайда кыштын жылуу болушу күтүлөт (фото)

 
Талас облусунда жааган кар
Талас
Чүй. Арашан айылы

Өлкө аймагынын айрым жерлеринде 29-сентябрдан 30-сентябрга караган түнү кар жаады. Кардын эрте жаашы, ошондой эле күз мезгилинде күндүн жылуу болушу эмнеден кабар берет? Мындай учурларды кыргыздар айдын чыгышына, мезгилдин жүрүшүнө карап болжоп келишкен.

Кардын эрте жаашы, күздүн көпкө созулушу туурасында коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өз оюн билдирди.

"Биз бала кезибизде айыл жеринде аксакалдар сентябрдын аяк чени, октябрдын башында кардын кыламык жаашын кыш бала салып койду деп айтчу эле. Ал дегени алдыда боло турган кыштын жылуу болушун болжоп айтканы. Ошол эле учурда күз мезгили көпкө созулуп, жылуу тартып кыш кечиксе күздүн моюну узарды, кыштын мөөнөтү созула турган болду деп болжоп келишчү. Чындыгында аксакалдардын айткандары дал келип кыш жылуу, жаз кеч келген учурлары болгон", - деп билдирди Каптагаев.

Мындай учурларды жыл санагына карап аба ырайын алдын-ала айтуучулар жөн гана аба ырайынын муздашы, мезгилдик алмашуу деп сыпаттаарын айтышты. Кыргызгидромет агенттиги бүгүнкү шартта мезгилдик аба ырайын болжоп айта албастыгын кошумчалады.

Жаратылыштын мезгилдерин эл арасында түрдүү болжол менен айтып келишкен. Тактап айтканда, күздүн күнү күн күркүрөбөйт, күн күркүрөсө күз узакка созулат, ал эми кыш чилдесинде жаан жаабайт, жааса кыш оор болот. Күн батарда кызарып батканын эртеңки күн ачык болот деп билип, ошол эле учурда жаңырган айдын чалкалап жатышын кургакчыл, тикелей жайгашуусун жаанчыл ай болот деп болжоп айтышкан.

Ал эми жазуучу Асан Жакшылыков жаратылыштын 4 мезгили адамзаттын оң жана терс жүрүм-турумуна, карманган пейилине жараша болорун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
30.09.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вау карды
30.09.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AzKumFerDan,Арстанбек Алайды шайласак эле Кыргызстанда зима не будет.
30.09.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
isabek1977,ай чалкаласа жаанчыл болот тике турса кургакчыл болот,откондо жанырганда тике турду эми октябрь кургакчыл болот буйруса,Каптагаев брат не адашып атат,
30.09.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жылуу эле болсунчу
30.09.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эмнеси болсо да ар бирибиздин уйубуздо,отун суубуз болсун. Ден соолук чын,кыргыз элим аман болсун.
30.09.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай чалкаласа жаанчыл,тике турса кургакчыл дешет адаштырба.
30.09.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кышты сагындым. Таза аба, кооздук. Бирок быйыл отук жок сатып алыш керек эле кайналы как менен жангак сатылса
30.09.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Зима не будет брат каякта, үн катпайт го Дастан тагам экоосу
30.09.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
еееее куз жылуу эле болсо экен. абаырайна карата менде жылуу кийим жок((((
30.09.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Каап ,элдер эгин тегинин жыйып алганча жаабай турса жакшыле.Бул да болсо Кудайдын окуму.Карасууда жаабай турсун эми,бизде пахталар жыйыла элек али.
30.09.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арстан Алайдан сураш керек
30.09.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыштын кыштай болгону жакшы)) жаны жылды какыраган карандай суукта тоскондон коро
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: