super.kg logo

Сары-Челекте аскада калган турист кыздын сөөгү алып түшүрүлдү (фото)

 

Сары-Челекте аскада калган турист кыздын сөөгү алып түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында аскада калган турист кыздын сөөгү алып түшүрүлүп, милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Айта кетсек, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израиль өлкөсүнүн эки жараны жана Франциянын эки жараны турист катары келишип, Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет.

23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливне жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Ал эми Израиль мамлекетинин жараны 1993-жылы туулган Городесен Нафад аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган.

Жабыркаган Городесен Нафадга Франция мамлекетинен келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан Израиль мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон менен байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен.

Израиль туристтик фирмасы Кыргыз жериндеги CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. CBTi фирмасы Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.

24-сентябрь күнү саат 19:00 чамасында Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франция мамлекетинин эки жараны жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливне дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен.

25-сентябрь күнү израилдик турист кызды издөө иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
30.09.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш ай десе
30.09.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тоо бийик экен байкуш аябай кыйналса керек
30.09.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Котормодо жол бар просто булар жолду таппайт койушкан.Ал жол кенен эле даже ат менен журсо болот.Биздин балалыгыбыз ошол жайлоолордо откон.
30.09.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turaliev,бул ошондо кайсыл жер кыла тарапбы
30.09.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийик экен
30.09.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адашып кетсе кантип каза болду экен
30.09.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каап.Жолду билген бироону гид кылып алышпаптырда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: