super.kg logo

ЖАМКнын кызматкерлери абактагылар менен биргеликте марафондо 10 чакырым аралыкты чуркап өтүштү

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери 10 чакырым аралыкты чуркап өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, марафонго Бишкек шаарында жайгашкан абакта кармалгандар жана ЖАМКнын кызматкерлери катышты. Алар жаш курагына бөлүнүп, 3 чакырымдан 10 чакырымга чейинки аралыкка жүгүрүшкөн. Марафон “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата коомчулукту тартипке, маданиятка чакыруу максатында өткөрүлгөн.

"Жарышка кыз-келиндер жана мырзалар катышты. Арасында 35 жаштан жогоркулар да бар. Жалпы 300дөн ашуун адам катышты. Кыз-келиндер 3 чакырым аралыкка жарышса, мырзалар Аламүдүн районунун Арашан айылынан баштап Чокморов айылына чейин 10 чакырымды чуркап өтүштү. Марафондун жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына мактоо баракчалары жана баалуу байгелер тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.09.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абакта отургандарды чыгарып чуркатышыптырбы?
30.09.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тиги жакта атасы өлсө жаназасына чыгарбай койду эле го Жапаровду,эми болсо буларды кара,абактагыларды чуркатып тамаша кылышып
01.10.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казанчынын оз эрки, кайдан кулак чыгарса болуптур да. Садыр Жапаровду деле бир саатка чыгырып койсо болмок, атасынына топурак салганча.
01.10.2017. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абақтағылар марафондо чурқады??? Қачып кетпейби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: