super.kg logo

УКМК: "Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев кармалды"

 

Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жана уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү беренелери боюнча шектелип Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалды.

"Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, К.Исаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Ө.Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар президенттик шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМКдан билдиришкендей, кылмыш ишиндеги чогулган материалдарга ылайык К.Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын бергендиги аныкталган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айта кетсек, бүгүн Башкы прокуратура Канат Исаевге кылмыш ишин козгогон болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(13)
30.09.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ммм да кантип эле камалат,уят Атамбай Бабанов сенин куйоо балан го
30.09.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эл дущмандары камалсын!буларга бийлик эле керек экен!элдин каны бир тыйын экен
30.09.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул да Абдиль менен ашанын уюштурган оюну. Аша ушунчалык жаман киши экен. Шайлаганыма окуном
Mers124 түзөттү 2017-09-30 20:21:39
30.09.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Mers124,Эмнеге бул жерде АША?Жазылып турат го коп суммада акча тараткан деп.Камаш керек мындай жепжутарларды
Azat.97 түзөттү 2017-09-30 20:45:39
01.10.2017. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azat.97,конечно алар кылбаганда ким кылмак эле,бул жон гана бийликтегилердин коз боёо оюнудур,балким чын эле кармалгандыр,бирок эл азыркы бийлике ишенбейт,алар элдин ишеничинен чыгып калышкан.Олко башына ким келсе да элди ойлобосо анын миллиондогон акчалары,кадыр баркы бир тыйын.
01.10.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mers124,ашан деле добушту заставить этип эле шайланган. А Бабановду болсо эптеп каралап Сокени откоруп жибериштин амалы. Козу жетип калдв окшойт да Бабанов утуп алаарына
30.09.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Канат Исаев парламент шайлоосунда насыядан кыйналган элди,мен депутат болсом насыянарга женилдик кылдырам а тугул жойдуруп да берем канча мин добушун алган.Депутат болгондон кийин убадасын аткармак тугул насыя алгандар жардам сурап барышса кабыл албай койгон.
30.09.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чындап ошондой кылган болсо жазасын алсын, шайлоодон утулуп калсале бунт чыгара бергендей мамлекет,эл,булар учун оюнчукпу мындайларды мамлекеттик кызматка вообще жолотпош керек бийликти гана ойлогон озумчулдорду.
30.09.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыркы болуп жаткан саясий куугунтук дейбизби же мамлекеттин туруктуу онугушуно болгон бийликтин аракети дейбизби акыркы жылдагы болгон окуялар, элитабыздын ЖМКга берген маалыматтары Кыргыз элине баардыгы алдайт деген ишенимди бекем байлап берди.
01.10.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимге ишеништи да билбейсин кыскасы элди ойлогон эч ким жоктой Бабановго менин да оюм озгорду бирок
01.10.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизди өзү кимдер башкарып жатат
Биз кандай өлкөдө жашап жатабыз????????? Булар елди ойлобой эле өздөрүн ойлоп жаткан турбайбы акмактар булар чындап эле Кыргызстанды жок кылат окшойт бабанов он адырда суйлогон созу ырас екенда демек булар камалышы керек миллион сом мисалы мен жашоодо коро елекмин а булар болсо елдин акчасына карапайым калктын омурлорун кыйганы жатышыптырда кыргыз элим алданбагыла акчага Кыргызстанды сактап калалы аракет кылып
01.10.2017. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясаттын сасык оюндары . Элдин тынчын албай жашагылачы. Дракон ака кеткиси келбей атат окшойт.
01.10.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик жинди эмес го, снб балдары тем более жон эле аппапакай таптаза журсо кантип эле исаевди кармашсын, далил бар да, элди тукуруп, акча менен алдайм деген го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: