super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 1-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев 47 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 1-октябрда Жалал-Абад шаарында туулган. Арапбаев 1993-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 2004-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1993-жылы "Ош-Интур" туристтик фирмасынын директорунун орун басары болуп иштөөдөн баштаган. 1996-жылдан 1999-жылга чейин – Кыргыз мамлекети боюнча “MalabarTradingGoLTD” компаниясынын директорунун орун басары, 1999-2000-жылдары – "Талас-Ош" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары болгон. Ал эми 2002-2003-жылдары – "Ош-Арагы" ЖЧКсынын жетекчиси, 2003-жылдан 2004-жылга чейин - "Алтын-Суу" АК башкармалыгынын төрагасы болуп эмгектенген.

2004-2008-жылдары – "Даннур-Юг" ЖЧКсынын директору, 2005-2008-жылдары – "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген. Жогорку Кеңештин IV жана V чакырылышында депутат болуп шайланган. 2015-жылы ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышында КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

1-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: