super.kg logo
  Саясат  

"Канат Исаев боюнча видеодо төңкөрүш жөнүндө бир да сөз жок" дейт Бабанов

 

Бишкекте президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун чукул маалымат жыйыны өтүүдө.

Анда талапкер Бабанов: "Көпчүлүк Муса Бажаев менен достук байланышым бар экенин билишет. Алар менен Бабанов эле эмес, президент, премьер-министр жолугушат. Мен "Лигласс" боюнча аферисттер менен жолуккан жокмун. Эмне үчүн бул боюнча кылмыш иши козголгон жок? Эмнеге алар менен келишим түзгөндөр кызматтан кеткен жок? Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев ачык эле бир талапкерге үгүттөдү эмнеге кызматтан кетпейт?

Мен Канат Исаев кайсы акчаны, эмнеге бергенин билбейм. Бирок видеону көргөндө бир дагы жолу төңкөрүш тууралуу сөз болгонун көргөн жокмун", - деди Бабанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: