super.kg logo

Айлана формасын "фишкага" айланткан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 87 жаштагы япониялык сүрөтчүгө арналып музей ачылды

 
Яёи Кусама

Бүгүн, 1-октябрда япониялык белгилүү сүрөтчү жана интернеттеги социалдык тармактын популярдуу колдонуучусу 87 жаштагы Яёи Кусамага арналган музей ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 2014-жылдан тарта курула баштаган музей Кусаманын эмгектерин колдоого алган фонд тарабынан ачылып, анын 1 кабатына толугу менен сүрөтчүнүн эмгектери коюлары айтылган. Көргөзмө ушул жылдын 1-октябрынан тарта 25-февралга чейин созулуп, мындай иш-чаралар жылына 2 жолу уюштурулуп турат.

Яёи Кусама - ачык түстөргө басым жасаган жана ар бир эмгегине айлана формасын кошууну жактырган өзгөчө сүрөтчү. Ал галлюцинация (көзгө ар нерселердин көрүнүшү) менен жабыркагандыктан, талмасы кармаганда көзүнө айлана формасынын элестери көрүнө берчү. Мындан улам аталган форманы ар бир эмгегине пайдаланып, аны "фишкага" айлантууну туура көргөн.

Анын ар бир сүрөт көргөзмөсү болуп көрбөгөндөй кызыгууну жаратып, күнүнө 3000ден ашуун билеттер сатылса, көргөзмөнүн аягына чейин миллиондон ашык адам келет. Кызыгы, 2008-жылы сүрөттөрүнүн бири 5,1 миллион долларга сатылып, анын баасы белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин ичинен эң жогорку рекордду багынткан баа деп саналган.

Кусама азыркы учурда жогоруда аталган музейдин жанында жайгашкан психиатриалык ооруканалардын биринде өмүр кечирип, кооз картиналарды тартууну улантып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.10.2017. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кемпир 87жашта болсо кызык экен жаш көрүнөт го
02.10.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага!!!!аябай кооз экен.
02.10.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кемпирдин карылыгын колунан байкаса болот экен а так 55-60 жаштагыдай корунот экен. Биздин апаларыбыз 87ге чыкканда байкуштар коздору корбой "Айланайын сен кимсин" деп калышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: