super.kg logo
  Саясат  

Өзбек тышкы иштер министри: "Президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги сапарында суу жана чек ара маселеси боюнча жаӊы келишим түзүлөрү күтүлүүдө"

 

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке жасалчу иш сапарында мамлекеттик чек ара жана суу маселелери боюнча жаӊы келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу өзбекстандык ММКларга коӊшу өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов (сүрөттө) билдирди.

Министр жакында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Бишкектеги сапарында бир катар маанилүү документтерге кол коюлганын белгилеп:

"Бүгүнкү күнгө карата биздин мамлекеттердин чек арасынын 85 пайызын тактадык. Калганы боюнча азыркы тапта иш уланууда. Эгерде жетишсек, жаӊы макулдашууга кол коюлары талашсыз. Биз ошондой эле суу ресурстарын Кыргыз мамлекети менен биргеликте пайдалануу боюнча жаӊы келишим түзүшүбүз мүмкүн. Иш сапар учурунда эки өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын ири көргөзмөсүн уюштурганы жатабыз", - деди.

Министр Өзбекстан Кыргыз мамлекетиндеги президенттик шайлоонун тынч өтүшүнө кызыкдар экенин да белгиледи.

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга иш сапары 5-6-октябрга пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: