super.kg logo
  Саясат  

Канат Исаевдин кызы атасынын камакка алынышы боюнча кайрылуу жасады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин кызы Бермет Исаева атасынын камакка алынышы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

“Бир дагы видеодо менин атам Ак Үйдү басып алуу, баш аламандык уюштуруу планы тууралуу айткан эмес. Баарына белгилүү болгондой, Кыргыз мамлекетинде жумуш күчү бекер эмес. Штаб, агитаторлор, элди чогултуу, жолугушууну уюштуруу бардыгы акчага жасалат. Видеодогу акча ушулардын бирине төлөнүшү мүмкүн. Эр жүрөк, күчтүү патриоттор төңкөрүшкө эле керек эмес. Административдик ресурска каршы чыгуу бул өзү эле эр жүрөктүк.

Азыркы тапта Өмүрбек Бабановго үгүт ишин жүргүзүп, анын тарапташтары менен жолугуу уюштуруп, өзүнүн оюн билдирүү - бул эр жүрөктүүлүк жана тобокелдик. Ошондуктан видеону көрсөңүздөр, 7 жылдан бери бийлик элди адаштырууга аракет кылып жатканын түшүнөсүздөр. Мекенге кайдыгер карабагандарды каралап жатат. Менин устатым, кумирим, жөн эле атам Канат Исаев чындыкты бетке айтпай, бийликке кошомат кылса, азыркы тапта башка жагдайда болмок. Бирок ал бир гана Жараткандан коркот. Бир дагы бийлик анын үнүн баса албайт. Биз эркиндикти сүйгөн жана даанышман элбиз, провокацияга алдырбайлы. Ак ийилет, бирок сынбайт”, - деп жазды Исаева.

Айта кетсек, депутат Канат Исаев 30-сентябрда "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча айыпталып кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: