MegaCom'дон лайфхак: Балансыңыз нөл болсо да байланышта болуңуз!

Маанилүү чалуу аткаруу зарылчылыгы болуп, мобилдик телефонуңуздун балансында каражат жетишсиз болуп калган учурда MegaCom'дун «Нөл абалындагы мүмкүнчүлүктөр» атайын кызматтары менен колдонсоңуз болот.
Ар дайым байланышта болуунун эң жөнөкөй жолу – жакындарыңыздан жардам суроо:
- «Мага кайра чал» - Кыргыз өлкөсүнүн, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын уюлдук операторлорунун абоненттерине балансыңыз нөлдө экендигин маалымдай аласыз. Жөн гана *202*0АААxxxxxx# буйруусун териңиз жана сиз байланышкыңыз келген адам сиздин чалып коюу тууралуу өтүнүчүңүз камтылган билдирүүнү алат.
- «Куткаруучу тегерек» - *282*055Ххххххх*толуктоо суммасы# буйруусун терсеңиз, жакындарыңыз сизге шашылыш мобилдик жардам көрсөтө алат. Кызматтын ыңгайлуулугу - сурамды MegaCom абоненттерине гана эмес, өлкөбүздүн башка уюлдук операторлорунун номурларына жөнөтүүгө болоорунда.
- «Досумдун эсебинен чалуу» - бул чалууну кабыл алуучу абоненттин эсебинен түйүндүн ичинде чалуу аткаруу мүмкүнчүлүгү. *212055Ххххххх буйруусун териңиз жана эң жакын досторуңуздун эсебинен мүнөтүнүн баасы 1 сом болгон чалуу аткарыңыз.
MegaCom өз абоненттерине насыяга баарлашуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган кызматтарды иштеп чыккан:
- «Экинчи дем» - кызматты бир жолу кошуп алуу менен, өз эсебиңиздеги каражаттарыңыз тууралуу кам санабай эле койсоңуз болот. Ар бир жолу нөлдүк чекке жеткен убакта, балансыңыз автоматтык түрдө толукталып турат. *400#10#1# буйруусун териңиз жана 100 сомго чейин насыя алыңыз.
- «0 абалында чал+» - бул балансты үч күнгө 50 сомго чейинки сумма менен толуктоо. *324#1# буйруусун терип, нөлдүк балансыңызды ойлобостон баарлашыңыз.
- «Баланс +» - *222*1# буйруусун териңиз, мобилдик эсебиңиз ошол замат 10 сомго толукталат, алган сумманы кийинчерээк кайтарып берсе болот.
Бул комбинациялардын баарын эсиңизге тутуп, убакыт коротпостон «МегаЖардамчы» мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз. Мобилдик тиркемени бир басууда бардык керектүү маалымат смартфонуңуздун дисплейинде пайда болот.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.