super.kg logo

Жактоочу: "Текебаев менен Чотоновдун катышуусу жок жарыш сөз аяктады. Бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн"

 
Сот отуруму жабык эшик артында өттү.
Сот залына Текебаев менен Чотоновдун тарапташтарын жана журналисттерди киргизбей коюшту.

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда.

Бүгүнкү соттук отурум жабык эшик артында өттү. Залда Текебаев жана Чотонов болгон жок. Ошондой эле алардын тарапташтары менен журналисттер да киргизилген жок. Конвойлор сот залга эч кимди киргизбөөнү буйруганын айтышты.

Жактоочу Чынара Жакупбекованын айтымында, жарыш сөз айыпталуучулардын катышуусу жок окулуп бүттү. "Залда соттук жамаат, прокурорлор жана мамлекеттик жактоочу Элвира Чоноева гана отуруп жарыш сөздү аягына чыгарышты. Текебаевдин атынан мамлекеттик айыптоочу жарыш сөзгө чыккан соң сот "жарыш сөз аягына чыкты" деген чечимди кабыл алды", - деди Жакупбекова. Учурда жарым саатка тыныгуу жарыяланганын кошумчалады.

Жакупбекованын ою боюнча, бүгүн Текебаев менен Чотоновго карата соттук өкүм чыгышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.






Адвокат: "Бүгүн Текебаевге карата өкүм чыгышы мүмкүн"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.10.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул соттордун жазасын бир гана аллах берет азыркы бийлик чындыкты айткандарды заматта камака алып жатат кыскасы АША сага аллахтын жазасы тийсин алкаш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: