super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига-2017: "Алга" командасы "Алайдын" үстүнөн жеңишке жетти, Ислам Шамшиевдин голу "Дордойго" жеңиш алып келди

 

Футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 18-турунда чемпиондукту камсыздаган "Алай" командасы 3-жолу жеңилүү ызасын тартты. Футбол лигасы кабарлагандай бишкектик "Алга" командасы "Алайды" жеңип алса, "Абдыш-Ата" "Кара-Балтаны" жеңген, ал эми "Дордой" өз талаасында "Нефтчини" кабыл алып 1:0 эсеби менен жеңип алган.

"Алга" - "Алай" - 3:2.

Борбор калаада орун алган "Алга" - "Алай" беттеши 3:2 эсебинде жыйынтыкталды. Алгачкы таймда коноктор атаандашынын дарбазасына Алиа Силла жана Одилжон Абдурахмановдун күчү менен 2 гол жараткан. 2-таймда талаа ээлери оюндун жүрүшүн кызытып, "Алайдын" үстүнөн жеңишке жеткенге үлгүрдү. 54-мүнөттө Андрей Долженко эсеп айырмасын кыскартса, 75-мүнөттө Владислав Нуриев эсепти теңеди. Оюндун аягына 10 мүнөт калганда Эрзат Токтоалиев эсепти 3:2 кылып, өзүнүн командасына жеңиш алып келген. Муну менен "Алай" командасы "Топ-Лига-2017" алкагында 3-ирет жеңилүү ызасын тартты. Ал "Алга" командасы 4-жеңишин майрамдады.

Бул жыйынтык менен турнирдик жадыбалда "Алай" 41 упай менен чемпиондукту камсыздаса, "Алга" командасы 18 упай менен 4-орунга көтөрүлдү.

"Алга" (Бишкек) – "Алай" (Ош) 3:2

Калыс: Дмитрий Машенцев

Голдор: Андрей Долженко (54-мүнөттө), Владислав Нуриев (75-мүнөттө), Эрзат Токтоалиев (80-мүнөттө) – Алиа Силла (19-мүнөттө), Одилжон Абдурахманов (29-мүнөттө).

"Абдыш-Ата" - "Кара-Балта" 4:1

Кант шаарында жергиликтүү "Абдыш-Ата" командасы "Кара-Балта" командасын кабыл алып 4:1 эсебинде жеңип алды. Анда талаа ээлери Шукуров, Инкум жана Оливейра Олувассендин күчү менен 4 гол киргизишсе, коноктор оюндун акыркы мүнөттөрүндө Станислав Геращенконун голу менен айырмаланган.

Эми "Абдыш-Ата" командасына Өлкө биринчилигинде 2-орунду камсыздаганга 1 упай гана калды. Учурда турнирдик жадыбалда "Абдыш-Ата" командасы 35 упай топтоп 2-орунда келе жатат. Ал эми "Кара-Балта" 11 упай менен 6-орунда жайгашкан.

"Абдыш-Ата" (Кант) – "Кара-Балта" (Кара-Балта) 4:1

Калыс: Денис Шалаев.

Голдор: Олувассен (23-мүнөттө), Инкум (40, 82-мүнөттөрдө), Шукуров (71-мүнөттө) – Геращенко (90-мүнөттө).

"Дордой" - "Нефтчи" - 1:0

Бишкек шаарында "Дордой" "Нефтчи" командасы менен кез келип 1:0 эсеби менен жеңип алды. Оюндун алгачкы таймында көрүүчүлөр голдорго күбө болушкан жок. Беттештин аягына 10 мүнөт калганда "Дордой" командасы пенальти тепкенге мүмкүнчүлүк алган. Пенальтини Ислам Шамшиев мыкты аткарып эсеп санын 1:0 кылганга үлгүрдү.

Муну менен "Дордой" командасы 29 упай менен турнирдик жадыбалда 3-орунда жайгашууда. Ал эми "Нефтчи" командасы 17 упай менен 5-орунга катталды.

"Дордой" (Бишкек) – "Нефтчи" (Кочкор-Ата) 1:0.

Калыс: Дайыр Абдылдаев.

Гол: Ислам Шамшиев (80-мүнөттө, пенальтиден).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.10.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай артка кетти булар машыгууларды откорбой эле кечке Ошто аш жеп журот окшойт чуркай албай калышыптырго
02.10.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алайга эмне болгон. Чыныгы чемпиондугун корсотпойбу?
03.10.2017. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футболдо да трайбализм бар.Алай очколору коп болуп,моонотунон мурда чемпион аталды эле.Неге мындай болуп калды,тушунуксуз.
08.10.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жене берип ойногулары келбей калган окшойт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: